Башкы бетке Рубрикасы жок Кара-Кулжадагы мектептин куруу иштери 70%га аяктады

Кара-Кулжадагы мектептин куруу иштери 70%га аяктады

0
1164

Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылында жайгашкан К.Мамаев атындагы мектептин курулушу уланууда. Курулуш иштери Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Долбоордо заманбап шарттары менен 275 окуучуга ылайыкталган, 2 кабаттуу окуу корпус, өтмө галерия жана спорттук зал куруу каралган.

Мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Белгилей кетсек, эски мектеп 1964-жылы ашар жолу менен салынган.

Мурунку макалаАйгүл Жапарова «Беларусь аялдар союзунун» өкүлдөрү менен жолукту
Кийинки макалаУлуттук банк валюта рыногунан 34,3 млн. доллар сатып алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз