Башкы бетке Министрлер кабинети Ташиевдин уулунун атын жамынып ири өлчөмдө акча алган киши кармалды

Ташиевдин уулунун атын жамынып ири өлчөмдө акча алган киши кармалды

0
385

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын уулунун атын жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, Ж.И.Р. аттуу киши маселе чечүү үчүн Камчыбек Ташиевдин уулунун атын жамынып Т.Т.М. аттуу кишиден 240 миң доллар алган.

Жабыркаган тараптын арызынан улам кылмыш иши козголуп, алдап акча алган киши менен УКМК төрагасынын уулунун эч кандай мамилеси болбогону аныкталган.

Ж.И.Р. аттуу киши №1 тергөө абагына киргизилген.

Мурунку макалаЖогорку Кеңештин депутаты Кундузбек СУЛАЙМАНОВ: “Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизүү биздин эркибизден көз каранды”
Кийинки макалаБаалуу металлдар – өлкөбүздү өнүктүрүүнүн башкы булагы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз