Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыкты

Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыкты

0
892

Кыргызстанда алгачкы жолу боору алмаштырылган бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн, 10-июлда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасына барып, боору алмаштырылган эки бейтаптын абалы менен таанышты. Дарыгерлердин консилиумунан кийин эки бейтап тең үйүнө чыгарылды.

Бейтаптар президент Садыр Жапаровго, министрге жана операцияга катышкан бардык медициналык кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдиришти.

«Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалганы, өзгөчө бул операция биздин жарандар үчүн акысыз болгону менен сыймыктанабыз. Бул биздин медицинанын тарыхындагы орчундуу окуя президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана кыргыз-түрк адистеринин биргелешкен аракетинин аркасында мүмкүн болду”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Мурунку макалаЖалал-Абадда 10 миң кишиге эсептелген чоң мечиттин курулушу башталды
Кийинки макалаКыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы CAFA турниринин финалына чыкты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз