Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абадга Кытайдын Анканг шаарынан делегация келди

Жалал-Абадга Кытайдын Анканг шаарынан делегация келди

0
1522

Бүгүн Жалал-Абад шаарына Кытайдын Анканг шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган баштаган делегация келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аларды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анканг шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Делегация курамына бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар өндүрүштүк мекемелердин ишмердүүлүгү тааныштырылат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кытайдын Анканг шаарында барып келишкен. Аталган шаарында 3 млн калк жашап, калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармагы, чай өстүрүү жана экскпортко чыгаруу багыты өнүккөн.

Мурунку макала«Альянс Алтын» олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү
Кийинки макала«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41,5 млн. сом жумшады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз