Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстандан Россияга коон жана дарбыз экспорттоло баштады

Кыргызстандан Россияга коон жана дарбыз экспорттоло баштады

0
1316

Кыргызстандан Россияга коон жана дарбыз экспорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалымакта ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2242 га аянтка бакча өсүмдүгү, анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон эгилген.

Бүгүнкү күндө 700 га жерден түшүм жыйналып, жалпы дүң жыйым 17500 тоннаны түздү. Анын ичинен 15929 тонна дарбыз, 1571 тонна коон жыйналды.

Учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга түшүмүн Россия жана Казакстандын базарларында сатууга көмөк көрсөтүлүп жатат.

Мурунку макалаБеларусь расмий түрдө ШКУга мүчө болду
Кийинки макалаСадыр Жапаров: “ШКУнун демилгелери туруктуу, коопсуз жана өнүккөн аймакты курууга болгон умтулууну чагылдырат”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз