Башкы бетке Коом Акылбек Жапаров Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

Акылбек Жапаров Ноокаттагы селдин кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты

0
1408

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Акылбек Жапаров жаратылыш кырсыгынын келтирген зыянынын масштабы менен таанышып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө барып, КР президентинин жана Министрлер кабинетинин атынан каза болгондордун туугандарына көңүл айтты.

Андан ары МинКаб башчысы ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кесепеттерин жоюу жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

«Мамлекет өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин тез жана натыйжалуу жоюу үчүн бардык керектүү ресурстарды берет. Жабыркагандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бузулган инфраструктураны калыбына келтирүүгө бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Мурунку макалаЫсык-Көлдө балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды
Кийинки макалаСадыр Жапаров куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз