Башкы бетке Коом Быйыл Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт

Быйыл Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт

0
1135

2024-жылы октябрь айында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммити өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Бишкекке келген аталган уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугуп, октябрь айында Бишкекте өтүүчү ТМУнун кезектеги 11-саммитин кеңири талкуулашты.

Министр Кулубаев буга чейинки саммиттердин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган мамлекет башчыларынын тапшырмаларын ишке ашыруунун, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чараларды уюштурууда ТМУ катчылыгынын көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мурунку макалаТаласта жаңы көпүрө пайдаланууга берилди
Кийинки макалаАкылбек Жапаров БААУда «Makerspace Learning Center» билим берүү жана долбоорлоо борборунун ачылышына катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз