Башкы бетке Илим Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын 3-баскычына жолдомо алды

Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын 3-баскычына жолдомо алды

0
1005

Кыргызстандын футбол боюнча командасы Оман менен 1:1 эсебинде тең чыкты.

Оюндун 20-мүнөтүндө топ бурчтан чыгарылып, Элдияр Зарыпбеков гол киргизди. Беттештин 57-мүнөтүндө омандыктар ийгиликтүү чабуул жасап, эсепти теңеди.

Бул Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун үчүнчү баскычына чыгуу үчүн тайпадагы соңку оюн болду.

Натыйжада D тайпасында Оман курамасы 13 упай менен биринчи, Кыргызстан 11 упай топтоп 2026-жылкы дүйнө биринчилигинин кийинки баскычына жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна экинчи жолдомону илип кетти.

 

Мурунку макала«Мен кыргызмын –Азиз Бейшеналиевмин!»
Кийинки макалаКыргызстандыктардын 82,6%ы Садыр Жапаровго ишеним көрсөтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз