Башкы бетке Министрлер кабинети Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

0
930

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 31 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин синкинүүсү Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Мурунку макалаКөрүнүктүү ишмер Күмүш Суранова эскерилди
Кийинки макалаКоомдук транспортту кордобойлу

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз