Башкы бетке Рубрикасы жок А.Жапаров Минск шаарында “Белагро-2024” көргөзмөсүнө катышты

А.Жапаров Минск шаарында “Белагро-2024” көргөзмөсүнө катышты

0
1027

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Беларусь Республикасынын Минск шаарына болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен биргеликте “Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барды.

“Улуу таш” индустриалдык паркынын көргөзмө борборунда өтүп жаткан көргөзмөгө 10дон ашуун өлкөдөн 500дөн ашуун компания катышууда.

Көргөзмөдө Кыргызстандын 20га жакын компаниясынын агропродукциясы коюлган.

Көргөзмөнүн алкагында катышуучулар өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын жана канаттууларды өстүрүүнүн алдыңкы багыттары, продукцияны кайра иштетүүнүн, таңгактоонун жана сактоонун заманбап технологиялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын ар түрдүүлүгү менен тааныша алышат.

Мурунку макалаНурланбек Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен жөнөп кетти
Кийинки макалаЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары «Курган Славы» мемориалдык комплексине гүл коюшту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз