Башкы бетке Коом Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

0
1585

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Сузак районунун Карамарт айылынын Баймаала тилкесинде 14 үй-бүлө коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн.  Бирок, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов баштаган жумушчу топ барган учурда 4 үй-бүлө туруктуу ордуна кайтып келип, турмуш-тиричилигин улантып жаткандыгы аныкталды.

Министрдин орун басары берилген эскертүүлөр канчалык деңгээлде аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөнүп, жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын алып барган жумуштарына баа берилерин айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1020 кооптуу аймак бар. Аталган жерлерде 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө. Ал эми турак жайлардын 650сү Сузак районунда жайгашкан.

Мурунку макалаКыргызстан менен Пакистан ТИМ башчылары жолугушту
Кийинки макалаЭдил Байсалов менен Пакистандын ТИМ башчысы жабыркаган пакистандыктардан кабар алышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз