Башкы бетке Рубрикасы жок Катардан келген хирургдар угуусу начар балдарга акысыз операция жасоодо

Катардан келген хирургдар угуусу начар балдарга акысыз операция жасоодо

0
1202

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10-майда Катар мамлекетинен хирургдар тобу келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, катарлык дарыгерлер 18-майга чейин угуусу начар балдарга акысыз операция жасашат. 11-майга карата 8 балага операция жасалган.

Буга чейин кол коюлган меморандумга ылайык, Катар өкмөтү Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл каржылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасы менен камсыз кылуу, хирургиялык операциялар, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир хирургду жана жардамчы медициналык кызматкерди окутууну өз мойнуна алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын реабилитациясы менен байланышкан чыгымдарды камтыйт.

Мурунку макалаЖыл башынан бери дээрлик 24 миң жаранга пенсия чегерилген
Кийинки макалаБир жумада 319 мас айдоочу кармалган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз