Башкы бетке Экономика Банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд. сом таза киреше алган

Банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд. сом таза киреше алган

0
2634

2024-жылдын 1-апрелине карата банк тармагы жыл башынан бери 6 млрд. сом өлчөмүндө таза киреше алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева билдирди.

Ал банк тармагынын жалпы активдери жыл башынан бери 7,3%га өсүп, 658,9 млрд. сомду түзгөнүн белгиледи. “Анын ичинде банк секторунун кредит портфелинин көлөмү 262 млрд. сомду түзүп, 1,9%га өстү. Ал эми банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 465,7 млрд. сомду түзүп, жыл башынан бери 8%га өстү”, – деп кошумчалады ал.

Адистин айтымында, банк тармагынын негизги көрсөткүчтөрү өсүүдө.

“Ошондой эле биз 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча абалды дагы карап чыктык. Азыркы учурда банк тармагында туруктуулук сакталууда”, – деди Карабаева.

Мурунку макалаНарын району 54 миң көчөт олтургузууну пландоодо
Кийинки макалаФинансовый отчет ОсОО МКК «Фронтиэрс» за 2023 года

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз