Башкы бетке Рубрикасы жок Электромобилдерге жашыл мамлекеттик каттоо белгилери берилет

Электромобилдерге жашыл мамлекеттик каттоо белгилери берилет

0
1607

Президент Садыр Жапаров “КР айрым мыйзам актыларына (“Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “КРдагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда электр кыймылдаткычтары бар дөңгөлөктүү транспорт каражаттарын пайдаланууда жеңилдиктерди берүү жана электр менен жүрүүчү транспорт каражаттарын заряддоо инфраструктурасын түзүү каралган.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик каттоодо электромобилдерге атайын жашыл мамлекеттик каттоо белгилерин берүү киргизилген.

Мурунку макалаА.Жапаров:»Жакынкы 3 жылда бюджетти 1 трлн. жакындатуу прогноздору бар»
Кийинки макалаС.Жапаров Азербайжандын Физули шаарына келди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз