Башкы бетке Коом Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам жерине жетти

Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам жерине жетти

0
1208

Россиянын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам 23-апрелде жерине жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 350 тоннадан турган «Жардам кербени» узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда, Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди.

Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Россиянын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Сергей Рыжов тосуп алды.

Андан соң, Оренбург шаарынан вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандан келген жардам кербенин жылуу маанайда тосуп алып, ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Урал дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, Оренбург облусунда 29 миңден ашуун турак жайды, 19 556 короо-жайды суу каптап, аймактардан 17 миңден ашуун эл эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли акырындык менен тартылганы менен, 12 202 турак үйдү суу каптап турат.

Федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда 2576 кызматкер 619 техниканын жардамы менен иш алып барууда.

Мурунку макалаӨлкө аймагында сел жүрүү коркунучу жогору
Кийинки макалаСадыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз