Башкы бетке Рубрикасы жок Президент Садыр Жапаров Азербайжанга барат

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга барат

0
1454

Президент Садыр Жапаров 24-25-апрелде иш сапар менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле Мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Мурунку макалаПрезидент Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга кол койду
Кийинки макалаНурланбек Шакиев расмий сапар менен Монголияга жөнөп кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз