Башкы бетке Экономика Өткөн жылы «Газпром» 6,2 млрд. сомдон ашык салык төлөгөн

Өткөн жылы «Газпром» 6,2 млрд. сомдон ашык салык төлөгөн

0
988

2023-жылы Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу 6,2 млрд. сомдон ашуун салык чегерген, бул 2022-жылдагы ушул көрсөткүчтөн (5,2 млрд. сом) 20%га көп. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Газпром» компаниялар тобу Кыргызстанда ишмердигин жүргүзүп келген мезгилде өлкөнүн бюджетине салык жана башка төлөмдөр катары 71,8 млрд. сомдон ашык каражат чегерилген, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык салымдардын көлөмү 42 млрд. сомдон ашкан.

Кыргызстанда «Газпром» компаниялар тобу салыктык милдеттемелерин сөзсүз түрдө аткаруу менен улуттук экономиканы өнүктүрүүнү олуттуу түрдө колдоону улантып келет, бул Кыргызстандын финансылык туруктуулугун жана бакубатчылыгын өбөлгөлөйт.

Мурунку макалаМыйзамсыз акча алмаштыргандарга айып салынды
Кийинки макала“Ала-Тоо” аянты реконструкцияланат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз