Башкы бетке Министрлер кабинети Кара-Сууда муктаж болбогон 47 адамга 1,3 млн сом жөлөкпул берилгени аныкталды

Кара-Сууда муктаж болбогон 47 адамга 1,3 млн сом жөлөкпул берилгени аныкталды

0
17

Ош облусунун Кара-Суу районунда муктаж болбогон жарандарга жөлөкпул берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Облустук прокуратура Социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын май айына чейин муктаж эмес 47 жаранга жөлөкпулдарды мыйзамсыз чегеришкендигин аныктаган. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козголуп, тергөө органы тарабынан тергелүүдө.

Мурунку макалаТрамп OpenAI компаниясына 500 миллиард долларга чейин акча берээрин жарыялады
Кийинки макалаТаласта катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз