Башкы бетке Рубрикасы жок Оштогу борбордук базар 20-февралда жабылат

Оштогу борбордук базар 20-февралда жабылат

0
25

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү борбордук базар бир айдан кийин 20-февралда жабыла турган болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, базарды 20-январда жабуу чечими соодагерлердин суранычы менен бир айга артка жылдырылган.

Эми соодагерлер 20-февралга чейин Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп барышы керек.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия борбордук базар 20-январда жабыларын, электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотуларын кабарлаган.

Мурунку макалаЧүйдө пенсионердин 600 миң сомун карактап кеткендер кармалды
Кийинки макалаБыйыл 20га жакын футболдук объект курулат жана реконструкцияланат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз