Башкы бетке Министрлер кабинети Чүйдө жолдошун өлтүрүүгө шектелген келин кармалды

Чүйдө жолдошун өлтүрүүгө шектелген келин кармалды

0
28

Чүйдө жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-январда саат 01:15 чамасында Москва РИИБге кабар түшүп, Беловодское айылындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдө уруш болуп жатканы айтылган. Жерине барган милиция 1996-жылы туулган эркек киши менен 2005-жылы туулган келин жашап жүргөнүн аныктаган.

15-январда болжол менен саат 19:00 чамасында жумуштан үйүнө барышып, спирт ичимдигин ичишкен. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, келин жолдошун ашкана бычагы менен жүрөк тушка сайып салган. Кесепетинен жаран каза болгон. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, камакка алынган.

Мурунку макалаИзраиль менен ХАМАС ок чыгарбоо келишимине кол коюшту
Кийинки макалаКыргызстанда дыйкан-фермерлерге 4,8 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз