| Негизги окуялар | Доору |
| Улуу кыргыз державасы (кагандыгы). |
840-924-жылдар |
| Алп Солдун Тан династиясынын борборуна келиши. | 842-жылы |
| Кыргыз кагандыгынын негизги жеңип алуулары. | IX кылымдын 40-50- жылдар |
| Кыргыздардын чыгыш Теңир-Тоого келиши. | IX-X кылымдар |
| Кыргыз ээликтерине кидандардын кол салуусу. | 924-жылы |
| Караханиддер кагандыгынын түптөлүшү. | 940-жылы |
| Караханиддер кагандыгында ислам дининин расмий жарыяланышы. | 960-жылы |
| Жусуп Баласагын «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») аттуу дастанын жазган учур. | 1069-70-жылдар |
| Махмуд Кашгари «Диван лугат ат-түрк» (Түрк тилдеринин сөз жыйнагы) аттуу эмгегин жазган. | 1072-77-жылдар |
| Түндүк батыш Монголиядагы жана чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын кара кытай чапкынына каршы күрөшү. | 1125-28-жылдар |
| Жуучу баштаган монгол аскер-леринин «токой элдерине» жортуулу. Кыргыздардын Чыңгыз ханга баш ийиши. | 1207-жылы |
| Монгол үстөмдүгүнө каршы тумат-кыргыз көтөрүлүшү. | 1218-жылы |
| Кыргызстандын аймагынын Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын энчисине тийиши. | 1224-жылы |
| Теңир-Тоого Эне-Сайдан жана Моңголиядан кыргыздардын жаңы журт которуулары. | XIII кылым |
| Хайду мамлекетинин негизделиши. | 1269-жылы |
| Кем-Кемжиуттагы (Тыва) кыргыздардын көтөрүлүшү. | 1273-жылы |
| Тутуха баш болгон монголдордун Эне-Сайга жортуулу жана кыргыздарды биротоло баш ийдирүү. | 1292-93-жылдар |
| Кыргыз мамлекетинин жоюлушу. Кыргыздардын бир бөлү-гүнүн Манжурияга көчүрүлүшү. | 1293-жылы |
| Монголдук Алтай тоолорун мекендеген кыргыздардын бир бөлүгүнүн Шандун вилайетине көчүрүлүшү. | 1295-жылы |
| Тоглук Темирдин хан жарыяланышы. Моголстан мамлекетинин түзүлүшү. | 1348-жылы |
| Эмир Темирдин Моголстанга алгачкы жортуулу. | 1371-жылы |
| Ала-Тоодо кыргыздардын өз алдынча мамлекетинин түзүлүшү | XV кылымдын 80-жылдары |
| Кыргыз хандыгын Акмет хандын («Алача хан») бийлеши. | 1448-1504-жылдар |
| Султан Халил Султан – «кыргыздардын падышасы». | 1504-08-жылдар |
| Тагай бийдин бий шайланышы. | 1508-жылы |
| Ала-Тоо аймагынын Кыргызстан деген саясий атка ээ болушу. | XV к. XVI кылымдын 1-жарымы |
| Кыргыздарды Мухаммбет Кыргыздын башкарышы | (1514-33-жж.) |
| Памирлик кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат. | 1575-жылы |
| Сибирь кыргыздарынын Сибирдеги орус аскерлерине кол салуулары. | 1609-1614-1624-жылдар |
| Манап бий, Көкүм бийлердин Эшим хан менен болгон ынтымагы. | XVII кылымдын башы |
| Сибирдик кыргыздарды Жунгар коңтажысы Хара-Хуланын баш ийдириши. | 1633-жылы |
| Кочебай Сибирдеги кыргыз беги. Калмактардын жетисуулук, алатоолук кыргыз, казактарга алгачкы жортуулу. | XVII кылымдын 30-ж. аягы-643-жылы |
| Сибирдик кыргыздарды Еренек Ишей уулунун бийлеши. | XVII к. дын 60-80-жылдары |
| Кыргыздын чоң багыш уруусунун улугу Койсары бийдин Кашкардын акимдигине көтөрүлүшү. | 1670-жылы |
| Төрт миң түтүн кыргызды Сибирден Жуңгар хонтажысы Цеван Рабдандын Жуңгарияга айдатып кетиши. | 1703-жылы |
| Сибирдик кыргыздардын орус аскерлеринен жеңилиши. | 1707-жылы |
| Сибирдик кыргыздардын жеринде Абакан острогунун курулушу. | 1707-жылы |
| Шахрух бийдин Кокон хандарынын династиясына негиз салуусу. | 1710-жылы |
| Калмактардын кезектеги жортуулунун натыйжасында казак, кыргыздардын журт которушу. | 1723-жылы |
| Кыргыз Акбото бийдин Кожентти бийлеши. | XVIII кылымдын 20-жж. |
| Акмат бий баштаган кыргыз колунун (10 миң жоокер) Кашкар тарапка жортуулу жана калмактарды жеңиши. | 1747-жылы |
| Кашкарлык кыргыздардын калмактар менен кармаштары. | 1748-49-жылдар |
| Жунгар хандыгын Цин-манжур аскерлеринин кыйратышы. | 1754-жылы |
| Чыгыш Түркестандык Юсуф Кожого кыргыздардын колдоо көрсөтүшү. | 1754-85-жылдар |
| Кубат бийдин саясий ишмердиги тууралуу маалыматтар. | 1755-58-жылдар |
| Кыргыздардын түштүк-батышка оогон бөлүгүнүн Ала-Тоого кайтышы. | XVIII к. 50-60-жылдары |
| Кытай аскери менен кыргыз-дардын биринчи кагылышы. Сарыбагыш, саяк, солто урууларынын элчилеринин Пекинге барышы. | 1758-жылы |
| Кашкардан 1000 түтүн кыргыздын Ат-Башыга көчүшү. | 1760-жылы |
| Эрдене бийдин Өзгөн, Ошко жортуулу. Кыргыз Ажы бийдин күрөшү. | 1762-жылдар |
| Түштүк Кыргызстанды Кокон хандыгынын каратышы. | 1762-1821-жылдар |
| Абылай хандын Талас, Чүйгө жортуулу. | 1770-1755-жылдар |
| Атаке бийдин элчилери Абдырахман, Шергазынын Россияга жөнөтүлүшү. | 1785-жылы |
| Эренектин князь болушу. Сибирь чөлкөмүндө кыргыз бийинин кыйрашы. | 1803-жылы |
| Ысык-Көлдүк кыргыз элчилеринин Россияга жөнөтүлүшү | 1813-1821-1824-жылдар |
| Чыгыш Түркстандагы Жаангер кожонун көтөрүлүшүнө кыргыздардын катышуусу. | 1820-27-жылдар |
| Кокон колунун Чүй, Нарын, Ысык-Көлгө жортуулдары. | 1825-31-жылдар |
| Бишкек чебинин негизделиши. | 1825-жылы |
| Атантай, Тайлактын Жаангер кожону колдошу. | 1825-26-жылдар |
| Тайлак баатырдын (1796-1838) Кокон бийлигине каршы күрөшү. | 1832-33-жылдар |
| Кыргыз, кыпчак феодалдарынын Шераалыны Кокондо хан көтөрүшү. Нүзүп бий. | 1842-жылы |
| Ормондун хан көтөрүлүшү. Ысык-Көлдүк кыргыздардын кокондуктарга каршы көтөрүлүшү. | 1842-жылы |
| Алайлык, Ферганалык кыргыздардын кыймылы. | 1845-жылы |
| Кененсары Касымовдун Кыргызстанга чапкыны. | 1845-47-жылдар |
| Май-Төбө Мыкан салгылашуу-лары. Хан Кененин жеңилиши. | 1847-жылдын жазы |
| Бугу уруусунун Россиянын курамына киргизилиши. | 1855-жылы 17-январь |
| Кыргыз, кыпчактардын Мала-бекти хан көтөрүшү. Алымбек датканын Кокондо вазирлиги. | 1858-62-жылдар |
| Орус аскерлеринин Чүйгө жортуулу жана Бишкек чебин ээлеши. | 1860-жылы |
| Байтик баатырдын Кокон бийлигине каршы күрөшү. | 1862-жылдын жайы |
| Чүй өрөөнүнүн Россияга толук каратылышы. Курманжанга (1811-1907) Бухара эмири Сейит Музаффар Эддинин датка наамын ыйгарышы. | 1863-жылы |
| Нарындык кыргыздарды Россияга каратуу. | 1863-68-жылдар |
| Чаткал, Суусамыр, Кетмен-Төбөнү каратуу. М.Г. Черняевдин Коконго жортуул башташы. | 1864-жылы |
| Таласты Россияга каратуу. | 1865-жылы |
| Сарт-калмактардын Россия букаралыгына кабыл алынышы. | 1869-жылы |
| Кокон көтөрүлүшү. Полот хан (Исхак молдо). | 1873-76-жылдар |
| Кокон хандыгынын жоюлушу. | 1876-жылы 19-февраль |
| Падыша аскерлеринин Алайга жүрүшү. Алайлык кыргыздарды Россияга каратуу. | 1876-жылдын жаз-жайы |
| Чыгыш Түркстанда Садыкбек башында турган кыргыз, уйгур жана башка элдердин кытай баскынчыларына каршы күрөшүнүн башталышы. | 1864-жылы |
| Чыгыш Түркстанда Жети-Шаар мамлекетинин жашашы. Жакыпбектин, Байдөөлөт датканын ж.б. ишмердиктери. | 1866-1877-жылдар |
| Дунгандардын Кыргызстанга келиши. | 1877-84-жылдар |
| Бишкек (Пишпектин) уездинин борбор шаар статусун алышы. | 1878-жылы |
| Анжиян көтөрүлүшү. | 1898-жылы май айы |
| Кыргыздардын улуттук-боштондук үчүн көтөрүлүшү. | 1916-жылдын жай — күзү |
| Падыша өкмөтүнүн кулагандыгы тууралуу кабардын Бишкекке келиши. | 1817-жылы 3-март |
| Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетин түзүшү. | 1917-жыл 19-апрель |
| «Букара», «Алаш», «Шура-и-Ислам», «Туран» уюмдарынын уюшулушу. | 1917-жылдын жаз, жай айлары |
| Убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин Кытайдан кайткан кыргыздарды Пржевальск жана Пишпек уезддерине коё бербөө жана аларды Нарындын тоолуу райондоруна жайгаштыруу жөнүндө токтому. | 1917-жыл 19-апрель |
| Петрограддагы куралдуу көтөрүлүш. Убактылуу өкмөттүн кулатылышы. | 1917-жыл 25-октябрь (7-ноябрь) |
| Сүлүктү, Кызыл-Кыяда Совет бийлигинин орношу. | 1917-жыл, ноябрь |
| Бишкекте Совет бийлигинин орношу. | 1918-жыл, январь |
| Караколдо Совет бийлигинин орношу. Түптө эң алгачкы «Жаңы доор» («Новая эра») коммунасынын уюшулушу. | 1918-жыл, май |
| Таласта кулактардын козголоңу. | 1918-жыл, августтун аягы |
| Беловодскидеги солчул эсерлердин козголоңу. | 1918-жыл, 6-декабрь |
(Уландысы бар)
“Кыргыздын 100 керемети” китебинен


