Башкы бетке Коом Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратын ачты

Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратын ачты

0
69

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Садыр Жапаров көп жылдар бою Чүй облусу боюнча башкармалык ийгиликтүү иштегенине карабастан, бул мезгилдерде өзүнүн туруктуу административдик имараты жок болгондугу милдеттерди толук аткарууну кыйындатканын белгиледи. Ушундан улам 2022-жылы демилге көтөрүп, жаңы имаратты курууну тапшырганын, бул долбоордун ишке ашуусун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өз колуна алганын белгиледи.

Башкармалыктын имаратынын жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзөт. Керектүү материалдык-техникалык жабдуулар алынып, кызматкерлердин толук кандуу иш алпарышына бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

 

Мурунку макалаКыргыз ысымдарынын реформасы
Кийинки макала«Манас» эл аралык аэропорту» акционердик коому атын өзгөрттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз