Башкы бетке Коом Кара-Кулжада суусуз калган Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал киргизилди

Кара-Кулжада суусуз калган Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал киргизилди

0
105

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда суусуз калган Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай аралыктан таза суу тартылып келген түтүк сууктан улам тоңуп, 380 метр түтүк иштен чыгып калган. Анын айынан айыл бир топ күндөн бери суусуз отурат. Ага байланыштуу ӨКМдин кызматкерлери өрт өчүрүүчү унаа менен тургундарга суу жеткирүүдө.

Аталган жагдайды жөнгө салуу үчүн айылга өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген.

Аталган түтүк аркылуу 4 миң 581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча суу менен камсыз болуп келет.

Мурунку макалаАлмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматына жетекчи болду
Кийинки макалаБишкектен Сокулукка автобус каттай баштайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз