Башкы бетке Рубрикасы жок Ташиев: “Акылбек Жапаров мамлекет үчүн көп жакшы иштерди жасап кетти”

Ташиев: “Акылбек Жапаров мамлекет үчүн көп жакшы иштерди жасап кетти”

0
62

Бүгүн, 17-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны өтүүдө.

Анда журналисттердин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча берген суроосуна, жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.

“Акылбек Жапаров менен 3 жылдан ашык чогуу иштедим. Ал тажрыйбасы мол, экономика боюнча дасыккан адис. Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарып кетти. Анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз”, – деди УКМКнын төрагасы.

Мурунку макалаУКМК жыл башынан бери 1174 объектини мамлекетке кайтарган
Кийинки макалаТашиев: “Президенттике талапкерлигимди койбойм. Садыр Жапаровду толук колдойм”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз