Башкы бетке Экономика Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга $500 млн бөлөт

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга $500 млн бөлөт

0
194

2025-жылдын жаз айларында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга 500 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз насыя берет. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев журналисттерге билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Энергетика министрлиги бул масштабдуу долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп бүтүп калды.

«Долбоордун баасы буга чейин аныкталган жана инвестициялык сунуш да бар. Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу 2025-жылдын май айында берилиши күтүлүүдө», — деди ал.

Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, болжол менен 3,6 млрд долларды түзөт.

Мурунку макалаАмангелдиев: «Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан» темир жол долбоору менен «Манас» соода-логистикалык шаары бири-биринен көз каранды болбойт
Кийинки макалаАбхаз, армения номерлүү унаалардын көчөлөрдө жүрүшүнө тыюу салынат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз