Башкы бетке Коом Кыргызстанда Дрондор жана робототехника федерациясы түзүлдү

Кыргызстанда Дрондор жана робототехника федерациясы түзүлдү

0
161

Кыргызстанда дрондор жана робототехника федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде аталган федерациянын президенти Байэл Рыскелдиев билдирди.

Анын айтымында, Дрондор жана робототехника федерациясы Кыргызстандын IT тармагын өнүктүрүү максатын көздөйт.

“Буга чейин Кыргызстанда Киберспорт федерациясы гана болуп келген. Киберспорт өзүңүздөр билгендей оюн. IT тармагында өнүгүү үчүн Киберспортту эле өнүктүрүү аздык кылат. Ошондуктан биз Кыргызстанды IT тармагында өнүктүрүү максатында Дрондор жана роботехника федерациясын түздүк», — деди ал.

Ал белгилегендей, федерациянын негизги миссиясы жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

«Федерациянын негизги миссиясы жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Россиядан келген биздин өнөктөштөрүбүз бизге робототехника боюнча техникаларын берүүгө даяр. Ошол техникалар менен биз жаштарга билим берүүчү робототехника боюнча акысыз мекеме ачабыз. Биздин эң башкы миссиябыз жаштарга роботехника жана дрондор боюнча кененирээк маалымат берүү. Федерацияда учурда 10 адам иш алып барууда жана ар биринин өзүнүн белгиленген негизги функциялары бар», — деди ал.

Мурунку макалаЖоомарт САТЫБАЛДИЕВ: “Бир адам гепатит менен ооруп калса жалгыз өзү сазга батпайт”
Кийинки макалаПрезидент Садыр Жапаров расмий сапар менен Сеулга барды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз