Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтык талкууланды

0
162

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Стамбул провинциясынын губернатору Давут Гүл менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн, өзгөчө социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында өзгөчө мааниге ээ экендигин баса белгилешти.

Элчи КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаевдин облуска иш сапары менен келүүгө расмий чакыруу катын тапшырды.

Ошондой эле Казакбаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын 5-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары жөнүндө, ошондой эле 6-ноябрда Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун саммити тууралуу айтып берди. Бул контекстте тараптар Кыргызстандын ТМУдагы төрагалыгынын алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин жетекчилиги астында экономиканы чыңдоого жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун соңунда элчи Казакбаев губернатор Давут Гүлгө Стамбул провинциясында жашаган Кыргызстандын жарандарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Мурунку макалаКорея ӨКМге заманбап жабдылган дагы 4 тез жардам унаасын берет
Кийинки макалаЭки дөңгөлөктүү транспорт эмнеге жаман?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз