Башкы бетке Коом Учкун кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду

Учкун кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду

0
356

Бишкектеги Учкун кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкек жылуулук тармагынын» кызматкерлери текшерүү учурунда түтүктөн диаметри 377 мм болгон (1994-жылы пайдаланууга берилген) квартал аралык ысык суунун агып жатканы аныкталды. Ошол себептен аталган аймакта жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.

Азыркы учурда оңдоо бригадалары жабыркаган жерин жана ордун аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Тиешелүү оңдоо иштери бул аймакта жылуулук менен камсыздоо толук калыбына келгенге чейин улантылат.

Жылуулук жана ысык суу берүүнүн качан калыбына келери тууралуу кошумча маалымдалат.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранат.

Мурунку макалаКыргыз делегациясы Ташкенттеги туристтик жарманкеге катышууда
Кийинки макалаЖаш обончу, ырчы Нуржигит Молдояров менен маек

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз