Башкы бетке Коом Кыргызстанда 76 бала пробация органдарында каттоодо турат

Кыргызстанда 76 бала пробация органдарында каттоодо турат

0
336

Бүгүнкү күндө республика боюнча 76 бала пробация органдарында каттоодо турат. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош жана Баткен облустары боюнча аймактар ​​аралык башкармалыгынын адиси пробацияда каттоодо турган жашы жете электер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Балдардын жашоо шарты да текшерилип, ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулган.

Жашы жете электерге карата пробациянын негизги максаты — кайталануучу укук бузуулардын алдын алуу максатында пробация органдарында каттоодо турган балдарды реабилитациялоо, тарбиялоо жана социалдаштыруу. Бул балдар үчүн жашоонун жаңы барагын баштоо жана колдоо чөйрөсүндө каталарын түшүнүү мүмкүнчүлүгү.

«Биз мыйзам менен карама-каршы келген балдарды колдоо менен чектелбестен, аларга жакшы келечекти тандоо мүмкүнчүлүгүн да беребиз. Анткени, кичине болсо да колдоо жана ишеним ар бир баланын жашоосун жакшы жакка өзгөртө алат», — деп белгилешти эксперттер.

Мурунку макалаКамчыбек Ташиев эже-сиңди Максатбековалардын турак жай маселесин чечти
Кийинки макалаКыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз