Башкы бетке Саясат Кыргызстан менен БАЭнин консулдук кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен БАЭнин консулдук кызматташтыгы талкууланды

0
347

Бүгүн кыргыз тараптын демилгеси менен Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Мохаммед Альмансури менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу видеоконференц-байланыш форматында өттү.

Жолугушуунун алкагында тараптар консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү максатында жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле соттолгон Кыргызстандын жарандарын андан ары өз мекенине которуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууну макулдашышты.

Мурунку макалаМамлекеттик ипотека. Жыл аягына чейин 2 миңден ашык үй-бүлө батир менен камсыздалат
Кийинки макалаТамчыдагы аэропорттун маңдайына беш жылдыздуу 7 мейманкана курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз