Гезитибиздин өткөн сандарында жазгандай октябрь айынын ортосунда кыргыз ЖМК өкүлдөрү Казакстандын Астана шаарына барып, казак кесиптештер менен тажрыйба алмашып кайтканбыз. Бул сапарыбызда бир кылымдык тарыхы бар биздин “Кыргыз Туусу” гезитиндей Казакстан Республикасынын 1919-жылы жарык көргөн тун гезити “EGEMEN QAZAQSTAN” (“Учкун”) гезитинин улук-кабарчысы Маржан АБИШ айым менен баарлашкан элек. Ал бизге “EGEMEN QAZAQSTAN” басылмасынын тарыхы, азыркы акыбалы, окурмандар менен болгон алакасы, мамлекеттин тун гезитке, журналисттерге болгон камкордугу тууралуу айтып берген эле. Анда назарыңыздарды ошол маектешүүгө бурабыз.
– Маржан айым, алгач өзүңүз тууралуу азыноолак айта кетсеңиз?
– Мен 2013-жылы Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин филология факультетине өттүм. Негизги адистигим – казак тили менен адабияты сабагынын мугалими эле. Бирок, мен мектепти тандаган жокмун. Университеттин акыркы курстарында “Казак адабияты” гезитине жумушка чыгып, белгилүү жазуучу, устатым Жумабай Шаштай уулунун карамагында иштеп, макала жазууну үйрөндүм. Тажрыйба жыйнадым. 2018-жылы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Адабият таануу адистигинин магистратурасына тапшырдым. Билимимди чыңдап, Нидерланд мемлекетине окууга бардым. Ошол жылдары “Арыс” басмасында редактор болдум. 2019-жылы ошол учурдагы “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин башкы директору Дархан Кыдыралинин чакыруусу менен Астанага келдим. Ошентип элибиздин тун гезитинде жемиштүү эмгектенип келе жатканыма беш жылдан ашып калды. “EGEMEN QAZAQSTAN” – өтө чоң мектеп. Жылдар өткөн сайын калемибиз курчуп, тажрыйба да артып бара жатат. Алдыда редакциядан үйрөнөөрүбүз али көп экени талашсыз.
– Көп жылдан бери “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинде эмгектенип келе жатыптырсыз. Казак элинин тунгуч гезити бүгүнкү күндө канча нуска менен чыгып, кандай таркатылып жатат?
– Ооба, сиз айткандай элибиздин тун гезити 2019-жылы бир кылымдык мааракесин белгиледи. Анын тарыхына кайрылсак, гезитибиз алгач өз окурмандарынын колуна “Учкун” деген ат менен 1919-жылдын 17-декабрында тийген. Ошондон бери бул гезитте Бернияз Күлеев, Смагул Садыбакасов, Жүсипбек Аймауытов, Мухтар Ауэзов, Бейимбет Майлин, Сакен Сейфуллин, Турар Рыскулов, Ораз Жандосов, Габит Мүсирепов, Шерхан Муртаза, Абиш Кекилбаев сыяктуу улутубуздун көрүнүктүү азаматтары кызмат кылып, басылманы өнүктүрүү, анын жасалгаланышын калыптандыруу, беделин арттыруу ишине зор салым кошту. Гезит өз тарыхында “Учкундан” кийин “Эмгек Туу”, “Эмгекчил казак”, андан соң “Социалдык Казакстан” аты менен жарык көрдү. Элибиз эгемендик алган кезде “Эгемендүү Казакстан”, а 1993-жылы “EGEMEN QAZAQSTAN” болуп өзгөрдү.
Учурда гезитибиз “Казак гезиттери” ЖЧШнын курамына кирет. Бул шериктештиктин курамында 6 гезит, 5 журнал бар. “Казак гезиттери” ЖЧШнын башкы директору Дихан Камзабек уулу. А “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин башкы редактору – Габит Мүсиреп. Гезиттин өлкөнүн 18 облусунда өз кабарчылары бар. Ушул тапта гезит 80 080 нуска менен чыгып, таралып жатат. Астана калаасындагы нускасы толугу менен түстүү болуп чыгат. А Алматыда биринчи жана акыркы бети түстүү болуп басылат.
– Редакцияны толугу менен мамлекет каржылайбы же чарбалык эсептеби?
– Гезит мамлекеттик буйрутма менен дагы, жарнамалык материалдар менен дагы иш жүргүзөт.
– Гезит редакциясынын Астанадагы башкы офиси 8 кабаттуу жаңы үй экен, анын коммуналдык төлөмдөрүн жана башка чыгымдарын ким төлөйт?
– Редакция жеке ЖШС болгондуктан өз чыгымдарын өзү жабат. Мындан сырткары гезит кызматкерлерине караштуу беш кабаттуу жатакана бар. Үйү жок журналисттер ошол жатканада турат. Коммуналдык төлөмдөрүн алар өздөрү төлөйт.
– 2015-жылы “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин 18 кызматкерине мамлекет тарабынан үй берилиптир. Бул иш азыр да уланып жатабы?
– 2023-жылдан баштап Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев кесиптик мааракеге утурлай журналисттерге үй берип келе жатат. Маселен, былтыр 65 журналист үйлүү болду. А быйыл 67 батир берилди. Албетте, мунун ичинде “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин кызматкерлери да бар. Президенттин атайын тапшырмасы менен берилип жаткан бул ийги саамалык ушул күнгө чейин уланып келет.
– 2019-жылы “EGEMEN QAZAQSTAN” 100 жашка толгон экен. Ал дата мамлекеттик деңгээлде белгиленсе керек… Дегеле улуттук тун гезитке мамлекеттин камкордугу кандай? Финансылык жардамдар көрсөтүлөбү?
– Ооба, “EGEMEN QAZAQSTANдын” 100 жылдык мааракелик тою жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Элдин катышуусунда өткөн салтанаттуу жыйынга Өкмөт мүчөлөрүнөн баштап мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, интеллигенция өкүлдөрү катышышты. Түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, “Жүз жылдык жылнаама” аттуу 5 томдук жыйнак чыкты. Эл гезитине мемлекеттин көрсөтүп жаткан колдоосу жаман эмес. Жылдан жылга колдоо күч алып келе жатат.
– Гезит редакциясынын сайты, ютуб каналынын иши кандай? Сиздерде социалдык тармактар менен иш алып баруу активдүүбү?
– Бизде сайт редакциясы бөлөк түзүлгөн. Ондон ашык кызматкери бар өзүнчө бөлүм. Бюджети да орточо. Окурмандар сайт аркылуу гезиттин ПДФ нукасына жазылып, ар бир жаңы номерди онлайн окуй алат. Анын акысы бир айга – 366 теңге. А сайттын ютуб каналына түрдүү багыттагы өзөктүү, жарнамалык материалдар жарыяланып турат. Мындан сырткары “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин фейсбук, телеграм, инстаграм баракчалары үзгүлтүксүз иш жүргүзөт.
– Билишибизче, “EGEMEN QAZAQSTAN” республиканын он шаарында басылып чыгат экен жана редакцияда жалпы 100дөн ашуун кызматкер эмгектенет экен. Гезитти чыгаруу өзүн өзү актайбы, журналисттердин маянасы кандай?
– Ооба, басылманын башкы имараты Астанада жайгашкан. Ошондой эле Алматыдагы филиалында он чакты кызматкер иштейт. Азыр кагаз кымбат болгондуктан гезит чыгаруу да кымбат. Мурун жумасына бир ирет 24 бет менен да чыгарчубуз. Азыр ал пайдасыз.Чыгым көп, бирок, негизинен гезиттин мамлекеттик буйрутмадан жана жарнамалык буйрутмалардан түшкөн кирешеси өзүн-өзү актайт. Майрамдарда сый акы да каралган. Журналисттердин эмгек акысы Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык 2023-жылдан бери өсүп келе жатат. Келерки жылы дагы 20 пайызга өсүүгө тийиш.
– Редакция жеке менчик, мамлекеттик телевидениелер, порталдар, райондук, облустук гезит, журналдар, чет өлкөлүк басылмалар менен кандай кызматташат?
– “EGEMEN QAZAQSTAN” – эл гезити болгон соң республиканын жер-жерлердеги маңыздуу окуялардын бардыгына көңүл бурат. Ошондой эле эл аралык окуялар да ар качан гезит бетинде чагылдырылат. Башка жалпыга маалымдоо каражаттары менен да байланышы жакшы. Анткени гезиттин тарыхы терең болгондуктан көптөгөн ЖМКлар “EGEMEN QAZAQSTANга” таянып, шилтеме берип жазышат. Гезит архивинен мурун чыккан баалуу материалдарды алып турушат.
– Учурда “EGEMEN QAZAQSTAN” гезитинин нускасын көтөрүү, окумдуулугун арттыруу боюнча кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
– Совет мезгилинде калктын басымдуу бөлүгү гезит окучу. Ал кезде гезиттин коомдогу ролу жогору эле. Азыр саат сайын өнүккөн интернет менен смартфондун заманында гезит окуу адатка айланбай калганы ырас. Ошондуктан мурда гезитти кабарчылар күчтөп жаздырчу болсо, азыр андай саясат жок. Басылманын таралуусун арттыруу үчүн облустагы атайын штаттык кабарчылар иш жүргүзөт. Башкача айтканда, гезитке көп жазылууларын өтүнөбүз. Гезит жетекчиси да облустун акимдери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, гезитке жазылуууга үгүттөйт. Бүгүнкү 80 миң тираж ошондой макулдашуулардын натыйжасы.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”


