Башкы бетке Маданият Кыргыз мамлекеттик циркине жаңы директор дайындалды

Кыргыз мамлекеттик циркине жаңы директор дайындалды

0
458

Аширова Светлана (Асланайым) Адыловна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы директорду эмгек жамаатына министр Алтынбек Максүтов тааныштырды.

Цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи болуп эмгектенип келген.

Мурунку макалаЖогорку Кеңеш «Каркыра» өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүүгө макул
Кийинки макалаБишкекте Мактымкулу Фрагинин 300 жылдыгына арналган конференция өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз