Документ дээрлик эки айдан бери коомдук талкууда турат. Ага ылайык, мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу электрондук капчыкка, картадан картага, банктык эсепке сом менен акча которгондо комиссия кармап калууга болбойт. Бул бир банктын ичиндеги жана банктан банкка жасалган акча которууларга тиешелүү.
Улуттук банк белгилегендей, учурда «Элкарт» карталары менен өлкө ичиндеги банктар ортосунда акча которууда комиссия (0 сомдон) 150 сомго чейин кармалып калат. Аталган токтом долбоору кабыл алынса, бул өндүү комиссия алуулар токтойт.


