Башкы бетке Илим Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында күмүш утту

Чынарбек Изабеков дүйнө чемпионатында күмүш утту

0
500

Машыктыруучу Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш утту.

Изабеков 51-56 жаштагы балбандар арасында 100 кг салмакта күч сынашты.

Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, катары менен монголиялык, израилдик жана латвиялык спортчуларды жеңип, финалга чыккан.

Алтын байге үчүн Изабеков бейтарап туунун алдында күрөшкөн Александар Румин менен күч сынашып, 0:2 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал күмүш байгенин ээси болду.

Белгилей кетсек, Изабеков 2015-жылдан бери дүйнө чемпионатына катышып келет. Андан бери ал бир да ирет дүйнө биринчилигинен байгесиз кайткан эмес.

Буга чейин ал ардагерлер арасындагы дүйнө биринчилигин 4 жолу жеңип, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болгон.

Чынарбек Изабеков — балбан кыз Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу.

Мурунку макалаБүгүн Бек-Абад көзөмөл өткөрүү бекети убактылуу жабылат
Кийинки макалаАбдиламит МАТИСАКОВ: “Кыргыз Туусунун” кылымдык мааракеси бийик деңгээлде өтөт деп ишенем”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз