Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абад облусунун башчысы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалы менен сыйланды

Жалал-Абад облусунун башчысы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалы менен сыйланды

0
506

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев республикалык Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде жогорку уюшкандыкта өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалы менен сыйланды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 21-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, классик акын, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленген. Ага катар облустук Барпы театрында “Барпы апыз” чыгармасы коюлуп, Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Ачы айылындагы үй музейинде эскерилген.

ТҮРКСОЙ уюмунун туруктуу кеңеши тарабынан 2024-жылды “Барпы Алыкулов жылы” катары кабыл алган.

Мурунку макалаКРнын жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңиш ДӨҢБАЕВ: “Күрөштө күч эмес, акыл менен жеңишке жетет”
Кийинки макалаМинистрликтердин расмий интернет сайттары кандай иштейт?

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз