Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери менен жолукту

Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери менен жолукту

0
513

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинин талаасында Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Федералдык канцлер Олаф Шольц өз кезегинде Германия Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги өнөктөш катары маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар климаттык күн тартибинин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, регионалдык маселелерди чечүү боюнча демилгелерди колдошту.

Мурунку макалаСадыр Жапаров БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту
Кийинки макалаӨлкө башчы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз