Башкы бетке Рубрикасы жок Руслан Казакбаев Анкара мэри Мансур Яваш менен жолукту

Руслан Казакбаев Анкара мэри Мансур Яваш менен жолукту

0
519

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар Мансур Яваш баштаган Анкара мэриясынын делегациясынын үстүбүздөгү жылдын июль айында Бишкекке болгон иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев Бишкекте кол коюлган Жол картасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоорлоруна, мэриялардын ортосунда тажрыйба алмашуу программасына жана “Бишкекнаабайкана” муниципалдык ишканасынын жабдууларын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурду.

Мансур Яваш Ататүрк паркын реконструкциялоо долбоору буга чейин Анкара шаардык кеңешинен макулдук алганын айтып, кыргыз тарап менен кызматташууну жигердүү улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулардын алкагында жигердүү кызматташууну жана Бишкек шаарынын мэринин Анкарага иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Астана шаарындагы “Германия — Борбор Азия” саммитинде сөз сүйлөдү
Кийинки макалаБишкек шаарындагы жол тыгындарын алдын алуу боюнча ыкчам кеңешме өттү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз