Башкы бетке Коом Бишкектин четине Манас соода-логистикалык шаарын куруу пландалууда

Бишкектин четине Манас соода-логистикалык шаарын куруу пландалууда

0
520

Бишкектин четине “Манас” соода-логистикалык шаары курулат.  

Долбоорду Кыргыз-Кытай инвестициялык холдинги ишке ашырат. Аламүдүн районунун акимине 456 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү тапшырмасы берилди.

Ошол эле учурда башкаруучу компаниянын үлүшүнүн 51%ы инвесторго, 49%ы министрлер кабинетине таандык болот. Шаардагы турак-жайдын 10%ы мамлекетке өткөрүлөт.

Буга чейин Акылбек Жапаров кытайлык делегация менен жолугуп, долбоор боюнча келишимге кол коюлган. Инвестициянын көлөмү 700 миллион долларды түзөт. Анын ичине соода шаары, эл аралык көргөзмө борбору, кампа жана логистикалык борбор, ири жабдуулардын базарлары, турак жай жана мейманкана комплекстери кирет.

 

Мурунку макалаДогдурбек Чонтоев Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп дайындалды
Кийинки макала9 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендер кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз