Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушуна капсула салынды

Жалал-Абадда жаңы административдик имараттын курулушуна капсула салынды

0
480

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүнүн аппараты жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын административдик имаратынын курулушу башталды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат Жалал-Абад шаарындагы Байзаков көчөсүндө жайгашкан 7,6 гектар жер аянтын ээлеген мурдагы Жазаларды аткаруу кызматынын ордуна курулууда.

Капсула салуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана калаа тургундары катышты.

Камчыбек Ташиев имарат ыкчам курлуп, ошол эле учурда сапаттуу болушу зарылдыгын белгиледи. Бул аракет мамлекеттик кызматкерлерге керектүү шарттарды жаратуу, шаар инфраструктурасын жакшыртуу максатында колго алынганын кошумчалады.

Административдик имараттын курулушун келээрки жылы бүткөрүү пландалган. Ал жети кабаттан туруп, массалык иш-чараларды өткөрүүчү аянты жана сейин бак менен курчалат.

Белгилүү болгондой, курулушка керектелүүчү каражат толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнүп, жалпы 1,6 млрд. сомду түзөт.

Мурунку макалаДүйнөлүк банк Кыргызстандыктардын социалдык абалы жакшырганын билдирди
Кийинки макалаМилиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз