Башкы бетке Рубрикасы жок Айбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан менен жолукту

Айбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан менен жолукту

0
439

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файдан ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары А.Молдогазиев элчини Франциянын Кыргызстандагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы иши кыргыз-француз мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде элчи Николя Фай ыраазычылыгын билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты, ошондой эле пландалып жаткан жогорку деңгээлдеги сапарларды талкуулашты.

Мурунку макала«Кыргызиндустрия» ААКнын вице-президенти Азамат Байышбеков Ардак грамота менен сыйланды
Кийинки макалаАкылбек Жапаров Фискалдык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз