Башкы бетке Илим Токторбек АЙДЫРАЛИЕВ: «Майып спортчуларга мамлекеттик колдоо зарыл»

Токторбек АЙДЫРАЛИЕВ: «Майып спортчуларга мамлекеттик колдоо зарыл»

0
444

Ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарды, майыптарды  шыктандырып, жан дүйнөсүнө жарык чачып, дем-күч берүү  үчүн уюштурулган Паралимпиада оюндарынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Майып спортчуларга арналган Паралимпиадалык оюндар кайрадан Парижде 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат. Паралимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын 4 спортчу коргойт. Аларды Кыргызстандын Паралимпиада комитетинин президенти, майып спортчу Токторбек  АЙДЫРАЛИЕВ  жетектеп кетти. Аны менен Парижге аттанаар алдында жолугуп, маектештик.

– Токторбек мырза, жолуңар шыдыр болсун. Ооруну да жеңип, өзүңөр сыяктуу адамдарды да шыктандырып келе жатасыңар. Ушуга чейин кандай тоскоолдуктарды көрдүңүздөр? Азыркы учурда кандай көйгөйлөр бар?

– 1996-жылдан бери бир да Паралимпиада оюндарынан калбай катышып келатабыз. Ар дайым эгемен Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, бир спортчу болсо да катардан калбай өлкөбүздү таанытып жүрөбүз. Мурда унутта калып келсек, 2017-жылдан баштап паралимпиадалык спортко өзгөчө көңүл бурулуп, өзүнчө дирекция ачылбаса да орун басар коюлуп баштады. Бүгүнкү күндө паралимпиадачылар менен олимпиадачылардын укуктары бирдей эле. Ошондой эле айрым майып спортчуларга мамлекет тарабынан Азия, дүйнө чемпионаттарында ээлеген орундарына, жетишкендиктерине жараша стипендиялар төлөнүп, аз да болсо камкордукка алына баштадык.

Тоскоолдуктарды айта кетсек көпчүлүк учурда зал маселеси кендирди кесип келатат. Бизде майып спортчулар үчүн мамлекеттик шарттар каралган эмес. Айрыкча транспорт маселеси биз үчүн ылайык эмес. Соңку учурда гана шаар ичинде  майыптар түшө алгандай автобустар келе баштады. Биздин балдар да жолго чыкканга акырындан көнүп жатат. Эң негизги кемчиликтердин башкысы- машыгууга шартыбыздын жоктугу жана атайын жабдуулардын жетишсиздиги.

Жетишкендиктерди айта кетсек, Паралимпиада спорту 30 жыл мурун пауэрлифтинг болуп штанганын түрүндө гана машыгып келгенбиз. 2014-жылы жеңил атлетиканын бир гана түрүн карап баштаганбыз. Бир баланы таап, аны талаага барып, чоюн ыргыттырып, Ютубдан көрүп машыктырып, бир-эки мелдешке барып келгенден кийин ийримге жазылып, ал балабыз дагы эл аралык турнирлерде алдыңкы орундарды ээлеп, өзүн жакшы көрсөттү. Бүгүнкү күндө Пара спортто ондон ашык спорт түрү пайда болуп калды. Алардан алдыга суурулуп чыккан спорт түрү – Парадзюдо, бул спорт түрү боюнча Азия оюндарынан биз жакшы ийгиликтер менен келдик. Азыркы учурда биз Париждеги Паралимпиадага 8-9 параспортчу алып барабыз деп ойлогонбуз. Бирок, тилекке каршы ар кандай себептер менен кээ бир спортчуларыбыз атайын белгиленген, сөзсүз катыша турган мелдештерди өткөрүп жиберген же каражат маселеси чечилбей калгандыктан жолдомо алууга үлгүрбөй калышты. Ошондой болсо дагы Кыргызстандын намысын төрт спортчу төрт түрдөн коргогону жатат. Бул дагы алдыга жылуу, акыркы жолу 2021-жылы Токио Паралимпиадасына эки түр жеңил атлетика жана дзюдо менен барганбыз. Азыр болсо пауэрлифтинг, дзюдо, триатлон жана жеңил атлетика боюнча мелдешке катышканы турабыз, кудай буюрса бул дагы жетишкендик.

– Паралимпиада майып спортчуларынын көйгөйү да, башка спорт түрлөрүнө караганда мунун өзгөчөлүктөрү бар. Ушул себептен машыктыруучуларды даярдоо маселеси кандай? Анан биздин аймакта канча спорт ийримдери бар? Майып спортчулар үчүн ачылган атайын олимпиадалык резерв спорт мектеби иштеп жатабы?

– Паралимпиадалык резерв спорт мектеби деп 4-кичирайондо Бишкектин шаардык мектеби аталып, алгач дурус иштеген. Андан кийинки ишмердиги тууралуу мен так айта албайм. Бирок, “Эмгек резерви” спорт коомунда орун берилип, атайын мектеп ачылат” деген пикирлер айтылууда. Көйгөйлөрдү айта кетсек, бизде атайын машыктыруучулар жок, атайын машыктыруучуларды атайын курстарга жибериш керек, аларды бир айлык курска жибере турган болсок, 3000-4000 АКШ долларына чейин каражат табуу  керек. Биз андай долбоор менен жаа атуу боюнча Түштүк Кореяга жиберип, бир баланы окутуп келдик элек, азыр жаа атуу боюнча майыптарды окутуп, машыктырып жатат. Чынын айтсам, ал балдардын деле эч кандай шарты жок. Кышында  жаа ата турган жер жок болуп жатат же жардам берип, майып спортчуларды колдоого алган ишкерлер да жок. Жааны 50-70 метр аралыкта атса, кайра жаа огун майып отургучу менен алып келип кыйналат экен. Майып спортчуларды машыктыруу үчүн атайын адистерди, машыкты-руучуларды даярдаган жогорку окуу жайы же бөлүм дагы жок.  Ушундай маселелер абдан көп, дене тарбия жана спорт департаментине сунуш кылып, ошол маселелерди карап, жаңы Паралимпиадалык спорт дирекциясын  ачпасак дагы Паралимпиадалык бөлүмдөрдү  ачып, ошол жерлерге башкы машыктыруучуларды коюп, айлыктарын чектеп, аларды окууга жиберип аракет кылсак деген сунуштарды киргизип жатабыз.

– Спорттук жабдуулар боюнча маселе кандай? Себеби дегенде өзгөчө залдар, машыгуу үчүн шарт керек эмеспи?

– Ал жагында дагы көйгөй бар, өзүңүз билгендей бизде майып спортчулар үчүн жабдуу кымбат. Жеңил атлетикада эле стадиондо чурката турган майып арабаны айта кетсек, эң аз дегенде 2000  АКШ доллардын тегерегинде турат. Эгер ал бала профессионал болуп, чет өлкөгө чыгып, Эл аралык мелдеште жыйынтык көрсөтөм дей турган болсо, ага баасы 10 000 доллардан өйдө турган заманбап  араба керек. Аларды атайын жамбашы, бутунун бүктөлүшүнө жараша жеке жасатыш зарыл, бирок андай шарттарга биз жете элекпиз. Департаменттин орун басары “эмки жылга аз санда болсо дагы жаңыртып алалы” деп сунуш киргизип жатат, ошону эсептеп чыгып, Парижден Паралимпиададан келгенден кийин сураштырабыз. Андан сырткары бизде эң эле чоң көйгөй бул – ампутанттар, колу кесилген улан-кыздар, ал жерде бизде потенциал чоң, себеби алар кичине кезинен бери чуркап жүргөн, физикалык жактан дени сак балдар, 10-15 жаштагы таланттуу балдар абдан көп, чуркоого жана секирүүгө протесттери жок, спорт менен машыга албай жүрүшөт. Андай жасалма буттар же протесттер лыжа
сыяктуу атайын жабдуулар менен жасалат, бүгүнкү күндө эң арзаны 10 000 АКШ доллардын тегерегинде экен. 15 жашар баланын өзүнө жасатсаң ал өсөт, жыл сайын алмаштырып туруш керек. Бирок аны департаментке сунуштасак “медицина жактан андай нерсе кыла албайбыз” деп жатат, социалдык коргоо министрлигине караштуу ортопедиялык борбор бар, төртүнчү оорукананын жанында. Ошол жак менен сүйлөшүп, эмки жылкы бюджетке “эки балага протест коюп берели” деп убада кылып жатышат. Кудайым буйруп ал дагы ишке ашып калса, арасынан балдарды тандап баштап алсак, кийинчерээк биздин олимпиадачылардай болуп, жыйынтык көрсөтсө кийинки протесттерин өздөрү алууга мүмкүнчүлүк болоор.

– Париж Паралимпиада оюндарына төрт спортчудан сырткары кимдер делегация мүчөлөрү болуп баратасыздар? Алардын машыктыруучулары жана коштоочулары дагы барышабы?

– Төрт түрдөн төрт спортчу жана машыктыруучу жана эки коштоочу менен жетелеп чуркаткан адис бар, андан сырткары бир жардамчы кошулду. Мурдагы Паралимпиада оюндарында жардамчы таба албай көйгөй жаралган, аэропортто “жүк көтөргөнгө жардам бергиле” деп суранган болчубуз. Быйыл бир жардамчыны кошуп берип жатышат. Пресс-атташе болуп Дарика Мамытова, мен делегация башчысы катары жана дагы бир Эрмек деген жигиттин маселеси чечилип калса барат. Азыр жол кире маселесин караштырып жатабыз.

– Мен Фейсбук баракчасынан бир семинарга барууга  Паралимпиаданын делегациясынын мүчөлөрүнө “каражат жагынан жардам берсеңер” деген маалымат окуп калган элем…

– Ал жерде Паралимпиадалык спорт менен катар “Пара Арт көргөзмө” деп чоң иш-чара уюштурулуп жатат. Майыптуулугу бар адамдардын арасынан сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү да болот. Бул боюнча Кыргызстандан майып балдардын тарткан сүрөттөрүнөн тандап, кулагы укпай, өзү сүйлөй албаган баланын сүрөтү конкурска кеткен, ал бала менен кошо  бара турган адамдарга каражат табуу үчүн коомчулукка кайрылганбыз. Андан сырткары Паралимпиадалык комитеттердин жыйындары болот, анын ичинен саналуу орундарга шайлоо өткөрүлөт, колубуздан келишинче аракет кылабыз. Азия Паралимпиада комитетинин президенти дагы “Кыргызстандын спортчулары менен жолугушат элек” деп жазып жатат. Былтыр Ханжодо өткөн Азиялык Паралимпиада оюндарында 49 адам желек көтөрүп барганбыз, ошол кезде аябай жакшы болгон.  15 майып спортчунун каражатын Азия паралимпиада комитети жатаканасын, катышуусун төлөп берген.  Ошондон  чоң делегация катары катышып, ага дзюдо боюнча бир кызыбыз бир алтын, жеңил атлетикадан эки күмүш жана бир коло байге утуп келген элек.

–  Өзүңүздү дагы майып спортчу катары тааныйм, Азия оюндарына катышып жүрөсүз, сиздин кандай спорттук ийгилик жана жетишкендиктериңиз бар?

– Тилекке каршы, мен Эл аралык деңгээлде жетишкендиктерди жарата алган жокмун. 2002-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында жыйынтыкта мен медаль алууга мүмкүнчүлүгү бар даярдыгы жакшы спортчунун бири болчумун. Бирок, тилекке каршы, ал кезде жетекчилер башкаларды алып кетип, жаш муун каралбай калганбыз. Мен Гуанджоу шаарында өткөн Пара Азия оюндарына катыштым. Кийин 1996-жылдан 2012-жылга чейин штанга көтөрүп машыккам. Ошол жылы Параолимпиада комитетине вице-президент болуп шайлангандан кийин машыгууну таштадым, өзүм “машыгып жүргөндөгү кездешкен көйгөйлөрдү чечем” деген чоң максатты алдыма койгом, ошол максаттын артынан 2011-жылдан бери майып спортчуларга камкордук көрүү аракетинде жүрөм.

Кабыл МАКЕШОВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы

Мурунку макалаТүп районунун акими “Райондо 13 айыл аймагы 5 айыл аймак болуп бирикти”
Кийинки макала«Кызгылтым дүйнөгө» саякат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз