Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады

Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады

0
378

Бүгүнкү күнгө карата Ысык-Көлдөгү селде болжол менен 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дилбара Үсөнбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда селден кийин Булан-Сөгөттү, Корумду, Темир жана Кашат айылдарында Жарандык коргонуу кызматтары айыл чарба тармагындагы жабыркаган аймактарды изилдеп жатат.

“Бүгүнкү күнгө карата берилген маалыматтар боюнча, Ысык-Көлдөгү селде 21 гектар айдоо аянты жабыркады. Дагы изилдөө иштери улантылып жатат. Дыйкандарыбыздын үйдөгү бакчаларындагы жер-жемиштери жана мөмө-жемиштери жабыркагандыгы такталууда”, — деди ал.

Белгилей кетсек, 18-августта жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир жана Кашат айылдарын сел каптаган.

Мурунку макалаТаласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйланды
Кийинки макалаУлан-Батордо Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз