Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көлдө жол боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду

Ысык-Көлдө жол боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду

0
406

Ысык-Көлдө жолдун боюна мыйзамсыз курулган 13 объект буздурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат Барскоон – Каракол автоунаа жол боюна мыйзамсыз салынган майда жана чоң соода курулуштарды аныктады.

Мындан сырткары, Жети Өгүз районуна караштуу Даркан, Саруу жана Кызыл Суу айылдарында комиссия менен биргеликте КР жер мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында жалпы 13 обьект буздурулуп, мыйзамсыз ээлеп алынган жер аянттары баштапкы калыбына келтирилди.

Мурунку макалаПрезидент Париждеги спортчулардын тамагы боюнча сынга жооп берди
Кийинки макалаАтамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз