Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

0
544

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына барды.

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн, Ардак кароолдун ротасы тизилген.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Мурунку макалаБекзат Алмаз уулу чейрек финалда жеңилип калды
Кийинки макалаМунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыкты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз