Башкы бетке Рубрикасы жок Нурланбек Шакиев иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды

Нурланбек Шакиев иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына барды

0
1243

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев иш сапары менен Россиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына, ошондой эле X БРИКС парламенттик форумуна катышат.

Андан тышкары, жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Эскерте кетсек, төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков жана Бактыяр Калпаев бар.

Мурунку макалаАкын Жуса КАСИЕТОВ: “Көкүрөгү таза эместен жакшы ыр күтүп болбойт”
Кийинки макалаТилек Текебаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү болуп дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз