Башкы бетке Министрлер кабинети Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды

0
1281

Баткенде сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Айгүл-Таш-Согмент-Таян, Сох-Кан-Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.

Ошондой эле Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырым аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.

Мурунку макалаСадыр Жапаров «Алтын сертификат» алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады
Кийинки макалаСелден улам Баткен районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз