Башкы бетке Рубрикасы жок Баткенде 18,5 миң акылдуу электр эсептегичтер орнотулду

Баткенде 18,5 миң акылдуу электр эсептегичтер орнотулду

0
1351

Жыл башынан бери Баткен облусунун аймагына жалпы 18 миң 557 даана акылдуу электр эсептегичтер орнотулду. Бул тууралуу Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 18 миң 347 даанасы бир фазалуу, 210 даанасы үч фазалуу эсептегичтер.

Эмне үчүн алар «акылдуу» деп аталат? Анткени бул эсептегичтер:

  • реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчөрдү серверге автоматтык түрдө берет;
  • чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
  • дебитордук карыз үчүн автоматтык түрдө өчүрүлөт жана төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кошулат;
  • эсептегичтин иштешине сырттан тоскоолдук кылуу аракеттери жөнүндө автоматтык түрдө билдирет.

Эмне үчүн акылдуу эсептегичтер орнотулат? Себеби алар:

  • үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат;
  • берилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
  • коррупцияны жоюуга жардам берет;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактайт.

Баткен электр тармактар ишканасынын метрология бөлүмү облус аймагында жашаган обоненттерге акылдуу электр эсептегич орнотуу иштерин улантууда.

Мурунку макалаӨзбекстандан селден жабыркаган Ноокат элине гумжардам келди
Кийинки макалаТоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз