Башкы бетке Министрлер кабинети Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Бангладештин 11 жараны кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Бангладештин 11 жараны кармалды

0
1323

Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген Бангладештин 11 жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Бангладештин жарандары 25-июнда УКМКнын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандан Кыргызстанга чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жаткан учурда кармалган.

Белгиленгендей, 8-июнда Бангладештин жарандары Өзбекстанга иштөө максатында келишкен, бирок жумуш таппай, белгиленген мамлекеттик чек ара бекеттерин айланып өтүү менен Кыргызстандын аймагына өтүүнү чечкен.

Бангладештин жарандары менен биргеликте мыйзамсыз миграциялык канал уюштурган Кыргызстандын Н.А.И. аттуу жараны кармалды.

Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров: «Мамлекет тарабынан медицина кызматкерлерин колдоого өзгөчө көңүл бурулууда»
Кийинки макалаСадыр Жапаров Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысын кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз