Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

Садыр Жапаров Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушту

0
1181

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Бельгияга иш сапарынын алкагында падыша Филипп менен жолугушту.

Бетме-бет өткөн жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Бельгиянын мындан аркы өз ара аракеттенүүсүнүн бир катар келечектүү багыттары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров падыша Филиппти Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолукту
Кийинки макалаАкылбек Жапаров менен Ма Синжуй жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз