Башкы бетке Министрлер кабинети Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты кармалды

0
1168

Жай тургунга ок чыгарган деп Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты кармалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, ушул эле шаардын тургуну июлдун башына милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2022-жылы депутат ага себепсиз ок чыгарып, денесине зыян келтирген. Соттук-медициналык экспертиза ал кишинин денесиндеги тырык бар экенин аныктаган.

Милицияга арызданган киши депутат Көлбаев менен байланышта болгондуктан, ушуга чейин айткандан коркуп жүргөнүн билдирген.

Бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 45 жаштагы шектүү Ысык-Көлдөн кармалган.

Мурунку макалаКазакстандык ишкерге карата козголгон кылмыш иши токтотулду
Кийинки макалаСадыр Жапаров Шамбесайда алтын кен казылбай турганын айтты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз